Меню
Эл-Сөздүк

Согуштук иш-аракеттерди жүргүзүү каражаттары

СОГУШТУК ИШ-АРАКЕТТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮ КАРАЖАТТАРЫ – куралдуу күчтөр тарабынан душмандын адам күчтөрүн жана материалдык каражаттарын жок кылуу, анын күчүн, каршылык көрсөтүүгө жарамдуулугун басуу үчүн колдонулуучу курал-жарактар жана аскердик техникалар. С. и. ж. к. тыюу салынган (же жарым-жартылай тыюу салынган) жана тыюу салынбаган болуп бөлүнөт. 1949-жылдагы Женева конвенцияларына карата Кошумча I протоколдун 35-статьясына ылайык, жаңжалдашуу абалында турган тараптардын согуш жүргүзүү ыкмаларын жана каражаттарын тандоо укугу, такыр эле чексиз болуп эсептелбейт. Ашыкча залал келтирүүчү же ашыкча кыйналууга дуушар кылуучу, же болбосо салгылашкан тараптардын өлүшүнө сөзсүз алып келүүчү, ошондой эле массалык талкаланууга, материалдык байлыктарды максатсыз жок кылууга жарамдуу С. и. ж. к-н колдонууга тыюу салынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: